Индияда велосипеди менен жөжөнү тебелеп алып ооруканага алып келген бала интернет жылдызына айланды
Индиянын Мизорам штатында Дерек Лалханхим аттуу 6 жашар баланын социалдык тармактардын бирине жүктөлгөн сүрөтү колдонуучулардын жүрөгүн жылытып, 100 миңдеген "жакты" белгисин топтоду. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты. Ал колуна өлгөн жөжөнү көтөрүп алып ооруканадагы дарыгерлерге сактап калууну өтүнүп келген.Социалдык тармакка Деректин сүрөтүн илген колдонуучунун айтымында, ал үйүнүн короосунда велосипед тээп ойноп жүргөн. Аңгыча күтүүсүздөн жолунан чыга калган кошунасынын жөжөсүн тебелетип алган. Бала велосипедди токтотууга үлгүрбөй калган. Чала жан жөжөнү көтөрүп алып жакынкы ооруканага жүгүргөн. Ал дарыгерлерге барып чөнтөгүндө болгон акчасын алып чыгып сунуп, жөжөнү тезинен сактап калууну өтүнгөн. Колуна 10 рупий кармап, көзү жашылданган бала дарыгерлердин жүрөгүн жылыткан. Тилекке каршы, жөжө дөңгөлөктүн алдында калганда эле өлүп калган болчу. Бул тууралуу баланын ата-энеси билген соң, анын көңүлүн калтырбоо үчүн дарыгерлер жардам көрсөтүп жетишпей калышты деп түшүндүрүшкөн.

Окуя тууралуу маалымат шаарды тез эле аралап кеткен. Ал эми Дерек окуган мектептин жетекчилиги балага боорукерлиги жана мээримдүүлүгү үчүн грамота тапшырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-02-16
Рейтинг:
12
12
Комментарийлер(5)
dosym
08.04.2019. 20:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын иним, боорукердик эң жакшы сапат,
Hadyja
08.04.2019. 21:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалпак жожо болгон экен да,кайран.Молодец,жаштайынан боорукер болуп
33SUUN
08.04.2019. 23:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын баласына окшош экенго.
keba300989
09.04.2019. 11:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бүгүнкү күндүн эң алдынкы эң жакшы жаңылыгы болду. мен үчүн
МАЛЫШ
09.04.2019. 13:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча жок даарылабайт экенин тушунгонун кара)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















