super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыскелди Момбеков: “Өкмөт эксперимент жүргүзө турган аянтча эмес”

 

5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна депутат Рыскелди Момбеков жооп берди.

Анын айтымында, "бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик" деген өкмөт башчы айта турган сөз эмес.

“Абылгазиевди ушул сөзү үчүн деле отставкага кетирүүгө сурантса негиздүү болот. Анткени өкмөт эксперимент жүргүзө турган аянтча эмес. Премьер-министрдин: “Биз кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин бир жылдан бери изилдеп эми түшүндүк, кайсы маселени кандай кылып чечиш керек, бюджетти кандай кылып толтуруу керек, “Коопсуз шаарды” кантип ишке киргизүү шарт, чек ара маселесин кантип чечүү зарыл”, - деп отурганы туура эмес. Булар бюджетти аткаруунун үстүнөн иштебей, анализ менен отурган экен да. Өзүм окуп алып, түшүнбөй жатам. Бул нерсени башка эл укса эмне дейт? Абылгазиев бул сөздү байкабай айттыбы же оюндагысын айттыбы, бул өкмөт башчынын айта турган сөзү эмес”, - дейт Момбеков.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Аалы Карашев, саясий серепчилер Игорь Шестаков, Нурсултан Акылбек жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: