super.kg logo
  Саясат  

Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Өкмөттүн азыркы курамы тынч жана уктоо режиминде иштеп жатат"

 

5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди.

Анын пикиринде, парламенттик фракциялар өкмөттү түзүүгө кийлигише берсе, пайдалуу иштеген министрлер кабинетин түзүү оор болот.

"Абылгазиевдин министрлер кабинети - бул техникалык өкмөт" деп мен башында эле айткан элем. Анткени аткаруу бийлигинде көп жыл иштеген президент үчүн өнүгүүнү туруктуу деңгээлде сактоо маанилүү болгон. Ошондуктан Абылгазиевдин өкмөтү - реформаларды ишке ашырчу министрлер кабинети эмес. Өкмөттүн азыркы курамы тынч жана уктоо режиминде иштеп жатат. Ал мурда эле болуп келген маселелерди чечкенге аракет кылууда. Эң көрүнүктүү мисал: былтыр Айыл чарба министрлиги картошка маселесин чече албагандыктан, президент Жээнбеков өзү киришкен. Бул өкмөттүн деңгээлинин көрсөткүчү.

Мен азыркы өкмөттөн экономикадагы секирик жасоосун күтпөйм. Көйгөй өкмөттө эмес, көйгөй өкмөттү түзүүдө. Анткени парламенттик фракциялар бул ишке аралаша берсе, пайдалуу иштеген өкмөттү түзүү оор болот. Фракциялардын максаты өздөрүнө керектүү адамдарды кызматтарга дайындоо, ал эми экономиканы өнүктүрүү экинчи планда калып калат. Өкмөткө өз тармагын мыкты билген адистер керек", - деди Шестаков.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: