super.kg logo
  Спорт  

Семетей Султановдун Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлиги эмне үчүн артка кайтарылган? Федерациянын жообу

 

Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлигин азыркы жетекчилик артка кайтарып алганын 7-апрелде айтып чыкты.

Футбол федерациясы буга түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, мындай чечим кабыл алууга анын учурда федерацияга тиешеси жоктугу себеп болгон.

"Султановдун Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлиги 2018-жылдын ноябрында сунушталган. Ал учурда Султанов Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясынын президенти болуп турган. Ушул жылдын 7-январында федерациянын аткаруу комитетинин жыйынында ал өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирген. Султанов мындан ары федерациянын президенти болбогондуктан 19-мартта аткаруу комитети анын талапкерлигин артка кайтарып алды", - деп билдиришти федерациядан.

Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен ушул жылдын 7-январында өз каалоосу менен кеткен. Анын ордуна 9-февралда Канатбек Маматов шайланган.

Султанов Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.

Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын жолдошу.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.04.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец Атамбаевдин ушул ушул эле кадры укмуш иштеп берди эл учун жер учун мекен учун Жон эле оз жумушун мыкты билген арык чырай коп акылдуу создорду суйлобогон элге жагалданбаган жигит экен азамат . Саясат менен дагы башын ооруткан жок жон гана жумушун мыкты аткарды кетти кетпесе болмок бирок кетти мейли башка жакшы пландары бардыр жакшы ниет кылалы .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: