super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жаракат алып, айдоочу каза болду" дейт окурман

 

8-апрелге караган түнү Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Токмоктогу айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Мазда үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп алды. Ичинде бир үй-бүлөдөн 6 адам болгон. Кырсыктан 29 жаштагы айдоочу каза болду. Анын 29 жаштагы аялы, 5, 4, 2 жаштагы кыздары жана 8 айлык ымыркайы Токмок шаарынын ооруканасына жеткирилди. Абалдары оор", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: