Акыйкатчы УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды
Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду абактан бошотууну суранды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жогорку Сотту, Бишкек шаардык сотун Мурат Суталиновдун ишин адилет кароого чакырды. Ошону менен катар эле аны абактан бошотууну суранды. "Акыйкатчыга Мурат Суталиновдон арыз түшкөн. Арызда Суталинов бөйрөк рагына чалдыкканы жазылган. Буга карабастан Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан мыйзамсыз чечим кабыл алынганы айтылган", - деп жазылат маалыматта.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркаарын айткан.
Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.

-Озунуздун тарапташтарынызды, табакташтарынызды бошотууну сурана бербей, Текебаев, Садыр Жапаровтун абактан бошотулушун да суранып коюнуз адилеттуулук учун