super.kg logo

"Игра престолов" - O!TV тиркемесиндеги FOX телеканалынын акыркы сезонунун эксклюзивдүү премьерасы

 

"Игра престолов" эпикалык сагасынын жыйынтыктоочу 8-сезонунун эксклюзивдүү дүйнөлүк премьерасы O!TV тиркемесиндеги FOX телеканалында 15-апрелден тартып кѳрсѳтүлѳ баштайт.

O!TV тиркемесин акысыз жүктѳп, "O!TV Премиум" пакетин *750*3# командасы менен болгону суткасына 7 сомго туташтырыӊыз жана сүйүктүү сериалыӊыздын акыркы бѳлүгүн 15-апрелден 16-апрелге караган түнү саат 00:55те спойлерлер менен эркин айтып берүүлѳрсүз эле ѳзүңүз кѳрүңүз.

"Эӊ мыктысын биринчилерден болуп кѳр" деген урааны менен FOX телеканалы сериалды америкалык премьерасынан бир суткадан кийин эле орус тилиндеги профессионалдуу үндѳштүрүү менен жогорку сапатта кѳргѳзѳт. FOX телеканалы "O!TV Премиум" пакетинде, ошондой эле О! мобилдик операторунун "Переходи на О! Безлимит + TV Премиум 30 дней" жана "Переходи на О! Безлимит + TV Премиум + O!Кино Премиум" деп аталган эки тарифинде жеткиликтүү.

Мурунку сезон аяктагандан тартып, бир жарым жыл бою кызыктырып келген суроолорго жооп бере турган алты сериал күтүп турат. Эми укмуштуудай саганын жыйынтыктоочу сезонунда Темир Такты кимге кала тургандыгы белгилүү болот.

Жордж Р.Р. Мартиндин "Муз жана от ыры" романынын мерчимине негизделген "Игра престолов" фантастикалык сериалы адам баласынын шыктануусу, бийликтин табияты, саясат механизмдери жана дүйнѳнүн түзүлүшү жѳнүндѳ бардык документалдык фильмдерге караганда толук жана ачык-айкын айтып бере алат. Бул кѳрбѳй коюуга мүмкүн болбогон укмуштуудай кызыктуу жомок. Дүйнѳ жүзүндѳгү эӊ популярдуу жана кымбатка турган сериал болуп эсептелет, ошондой эле ар кайсы номинациядагы 38 "Эмми" прайм-тайм сыйлыгынын ээси.

15 апрель, FOX телеканалы, O!TV тиркемеси – эӊ кызыктуу, күтүлбѳгѳн жана таӊ калтырарлык сериалдын акыркы сезонун ѳткѳрүп жибербеӊиздер!

O!TV сизге жагымдуу кѳрүү каалайт!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: