super.kg logo
  Саясат  

Ташиев: "Мен оппозиционер эмесмин, Бабановдун мекенине кайтып келишине шарт түзүп беришибиз керек"

 

Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишине шарт түзүп берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Учурда "Бабанов менен Ташиев биригип, өлкөдө революция даярдап жатышат" деген жалган сөздөр айтылууда. Мен бийликке оппозиционер эмесмин. Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна салым кошконумду эл билет, анын ийгиликтүү иштешин каалайм.

Парламенттик шайлоодо биз, Бабанов экөөбүз бир болгонбуз. Жакында аны менен жолугуп саясатты талкуулаганбыз. Бекинип жолугуп саясат кылган адамдардан эмесмин. Бабанов менен ачык сүйлөштүк. Бабановдун өлкөгө кайтып келүүгө укугу бар. Шайлоодо эмнелер гана айтылган эмес. Ал өлкөдөгү оор абалды көрүп, элдин тынчтыгын жогору коюп, 1,5 жыл саясатка аралашкан жок. Биз, бардыгыбыз анын мекенине кайтып келишине шарт түзүп беришибиз керек. Эгер эл деген саясатчыларды өлкөдөн кетире берсек, ким калат?" - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: