super.kg logo
  Саясат  

Ташиев: "Азыркы өкмөт таркатылыш керек, эл тажады"

 

"Азыркы өкмөт отставкага кетиши керек" деген пикирин бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө саясий кырдаал абдан оор. "Буга негизги себеп - азыркы саясий систем. Анткени 2010-жылдагы окуялардын кийинки бийлик түзгөн азыркы систем менен биз мындан ары өнүгө албайбыз. Бул систем менен иштеп келе жаткан өкмөттүн да, парламенттин да иши майнапсыз болууда. Демек, биз элге таңууланган же толук парламенттик эмес, же толук президенттик эмес, аралашкан дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок саясий систем менен жашай албай турганыбызды түшүндүк. Мындан убакытты гана уттурабыз. Ошондуктан биз өлкөнү туңгуюктан алып чыгуу үчүн токтоосуз түрдө саясий реформаны баштоого тийишпиз", - деди ал.

Андан соң Ташиев кандай реформа сунуштап жатканын түшүндүрдү. "Биз Конституциялык реформаны баштап, толук парламенттик системге же АКШдагы башкаруунун системине өтүшүбүз зарыл. Биз түзүлгөн бузуку системден баш тартып, чыныгы өнүгүүгө алып келе ала турган саясий реформаны жүргүзүүнү сунуш кылабыз. Эгер бийликтегилер мындан баш тарта турган болсо, элибиздин жардамы менен баары бир ишке ашырабыз", - деди саясатчы.

"Чыңалып бара жаткан саясий абалды турукташтыруу жана сот-укуктук, административдик реформаларды тездетүү үчүн элдин арасында ар кандай каймана аттар менен аталып келе жаткан жөндөмсүз өкмөттү таркатуу зарыл. Эл бул өкмөттүн курамынан тажады", - деген оюн айтты Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: