super.kg logo
  Спорт  

Рахманкул хандын чөбөрөсү таэквондо боюнча Түркиянын чемпиондугун жеңип алды

 

Түркиялык кыргыз кызы Бегүм Зейнеп Ташкын жаштар арасындагы таэквондо боюнча Түркия чемпиону аталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге түркиялык кыргыз Мошал Гүвен билдирди.

Маалым болгондой, 4-7-апрель аралыгында Конья шаарында таэквондо боюнча жаштар арасындагы өлкө чемпиондугу өткөрүлүп, ага катышкан Ташкын алтын медалды жеңип алган.

"Карындашыбыз 47 килограмм салмак ченинде өлкө чемпиону аталды. Ал Рахманкул хандын небереси Абдукерим Ташкындын кызы. 13 жашта. 10 жашынан бери таэквондо менен машыгып келет. Буга чейин бир топ мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келген. Учурда үй-бүлөсү менен бирге Стамбул шаарында жашайт", - деди Гүвен.

Рахманкул хан - саясий ишмер жана аскер кызматкери. Ал Памирдеги, андан кийин Пакистандагы, Түркиядагы кыргыздардын башчысы болгон. 1982-жылы ал башкарган 293 түтүн памирлик кыргыздар Түркиянын Ван аймагына көчүрүлгөн. Рахманкул хан 1990-жылы Түркиянын Эрзурум шаарындагы ооруканада каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
09.04.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
09.04.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдыда дагы ийгилик каалайм.
09.04.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хан тукуму
09.04.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм желек кана
09.04.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туркиянын жараны да бул кыз.
09.04.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын жузундо бир жылдызы бар да,коруп эле тааныйсын
09.04.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы жарайсын.Бизде да барбы ушундай хандын тукумдары же такыр эле жок болуп кетиштиби бир тактап жазып чыкпайсынарбы оло кызык болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: