super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча сотто милиция кызматкерлерине акчалай айып салынып, инспекторлордун иши өндүрүштөн кыскартылды

 

Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине судья өкүм чыгарды.

И.Иманалиев, Э.Кадышев, М.Макеев Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси "шалаакылык" менен айыптуу деп табылып, акчалай айып салынды. Соттолуучулар үчөө биригип жабырлануучуга 110 миң сом өлчөмүндөгү айып пул жана мамлекет үчүн төлөөгө ар бирине 260 миң сомдон айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери З.Байтереков менен З.Айткожоевдин иши тосмо арыздын негизинде өндүрүштөн кыскартылды.

2018-жылдын 11-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов 20 жылга, ал эми Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылган.

Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.04.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз аялдары эч качан чокпогуло. Жаныча кош караш менен жашагыла. Диний же салтуу тушунуктордун кулу болуп жашабагыла. Озгочо азыркы молдолор араб дуйносун жайылтуу менен алек. Исламдашуу арабташуу сыяктуу балакет секталар жайылып жатат. Абайлагыла
Kairat1996 түзөттү 2019-04-09 18:16:37
09.04.2019. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Салтуу элде санаа коп, ырымчыл элде ырыскы жок, динчил элде кайырчы коп. Ар кайсы салтуу коз караштан кутулбасак байкуш жаш кыздардын шору болуп кала берет. Жаштар арасында агартуу иштерин жургузуу зарыл. Ала качуу кыргыздын жапайы салты.
Mirlan27011987 түзөттү 2019-04-09 19:36:59
10.04.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Марстын досу күнөөсүз камалды байкуш. Анан дагы мамлекет өзүнө 260 миңден айып пул алып жабырлануучуга 37 миңден бергени эмнеси? Сот полюбому чоң акча алат экен да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: