super.kg logo
  Саясат  

Ташиев менен маалымат жыйынына катышкан Бактыяр Калпаев иштен айдалды

 

Бактыяр КалпаевБийликтен Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча макулдашуунун протоколун талап кылган Бактыяр Калпаев жумуштан кетирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап өз аймагында куруп жаткан объектилерди башка мамлекет менен биргеликте пайдаланууга жол бербеш керек. "Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде жол курулуп жатат. Аны биргеликте пайдаланууга бербөө керек. Биз бир дагы метрди бере албайбыз. Бирөөгө убактылуу пайдаланууга же башка бир шарт менен беришибиз мүмкүн", - деди Ташиев.

Мындан тышкары ал буга чейинки маалымат жыйынында Баткен облусунун жаштарынын атынан сүйлөгөн Бактыяр Калпаев жумуштан айдалганын баса белгиледи. "Бийликтин колунан келет экен" деп баалады саясатчы.

Калпаев бул маалыматты ырастады. "Мени кызматтан алганы менен чек ара боюнча айткан ой-пикиримден артка кайтара алышпайт", - деди Калпаев. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: