super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кызматынан бошотулду (өмүр баяны)

 

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров өзү жазган арызы боюнча кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Курбанбай Искандаров 1951-жылы Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында туулган.

1977-жылы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1970-1972-жылдары - айдоочу, Лейлек районундагы Исфана айылдык СЭС;

1972-1977-жылдары - студент, Кыргыз айыл чарба институту;

1977-1978-жылдары - улук инженер, Лейлек "ГКСХТ" ишканасы;

1978-1980-жылдары - Исфана айылындагы "ГКСХТ" ишкана башчысы;

1980-1983-жылдары - улук инженер "ГКСХТ", Кулунду райбөлүмү;

1983-1984-жылдары - башкы инженер-инспектор Лейлек айыл чарба башкармалыгы;

1984-1991-жылдары - улук инженер, Сокулук районунун Киров атындагы совхоз директору;

1991-1993-жылдары - Айыл чарба министрлигинин “Башкы мамлекеттик айыл чарба көзөмөл” башчысы;

1993-1995-жылдары - референт, Президенттин администрациясынын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы;

1995-1997-жылдары - Ош облусунун Айыл чарба жана азык-түлүк департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары;

1998-2000-жылдары - Кант дүң-соода базасынын директору;

2001-2002-жылдары - Премьер-министрдин аппаратынын эксперти, сектор башчысы;

2002-2006-жылдары - Премьер-министрдин аппаратынын аймактык көйгөйлөр бөлүмү;

2006-2009-жылдары - Премьер-министрдин аппаратынын аймактык көйгөйлөр бөлүмүнүн эксперти;

2009-жылы - Өкмөттүн аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн аймактык көйгөйлөр секторунун эксперти;

2010-жылы - Убактылуу Өкмөттүн аппаратында жана Президенттик администрациясында эксперт, чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча бөлүм башчысы;

2010-2012-жылдары - Өкмөттүн аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүм башчысы;

2012-2019-жылдары - Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү.

Кошумча маалымат:

“II класстагы кеңешчи” дипломатиялык рангына ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: