Кирешеси 17 миллион, чыгашасы 24 миллион сом. Абалына мышык ыйлаган Спорт ордосу качан оңдолот?
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосун оңдоо боюнча бир канча ирет маселе көтөрүлүп келген. Жакында Орусиядан келген гитарачы Николай Сарабьянов аталган жайдын абалын тартып алган видеону интернетке жүктөп, кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүк интернет колдонуучулары ижарадан түшкөн каражат аркылуу деле имаратты оңдоп коюуга боло турганын белгилешүүдө.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев SUPER.KG'ге Спорт ордосу боюнча суроолорго жооп берди. Анын айтымында, ижара акыдан жылына 17 миллион сом түшкөнү менен чыгашанын көлөмү 24 миллион сом.
"Концерттердин билет баасы кымбат, ал кайда кетип жатат?" деген суроолор жаралууда. Спорт ордосу концерт өткөрүлөбү, көргөзмө-жарманке уюштурулабы баарына өкмөт тарабынан бекитилген баа менен ижарага берилет. Алар билетти канчадан сатат, биз ага кийлигише албайбыз. Бирок спорттук иш-чаралардан ижара акы алынбайт. Башкача айтканда, мамлекеттик мекеме болгондон кийин киреше табуу эмес, кызмат кылуу багытын көздөйт. Ошол нерселерди эске алганда ижара акыдан жылына 17 миллион сомго жакын акча түшүп турат. Эгерде спорттук иш-чаралардан да ижара акы алынса, киреше 30 миллион сомго жетмек. Учурда чыгашасы 24 миллион сомго жеткендиктен мамлекетке эч кандай акча түшпөйт. Бирок бир нерсени эске алып коюш керек. Себеби концерт, спорттук иш-чарага келгендер мамлекеттин мүлкү деген маңызда отургуч жана башка нерселерге кайдыгер мамиле кылышат. Бир иш-чарадан кийин эле 20-30 отургуч талкаланат. Анын баарын оңдоп, кайра калыбына келтирүү үчүн акча кетет. Ошентип чыгашанын көлөмү көп болуп жатат", - деди Султамбаев.
Ал кошумчалагандай, учурда Спорт ордосун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча кызыкдар тараптардан каттар келип жатат.
"Аталган жай эки жыл мурун гана мамлекеттик мекеме болуп бизге өттү. Ошондон бери өкмөт тарабынан каражат сарпталат. Ал эми оңдоодон өткөрүү боюнча маселе биз тараптан көп убакыттан бери көтөрүлүп келет. Бирок ал үчүн ири көлөмдөгү каражат керек болууда. Концерттик залдын отургучтарын, полун жана шыбын оңдоо үчүн 25 миллион сом, сахнаны заман талабына ылайык жасалгалоо үчүн 18 миллион сом, андан сырткары фойе, машыгуу залына да ири каражат керек. Учурда демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө спорттук жайлар демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоодон өтөт. Учурда бизге кызыкдар тараптардан каттар келип жатат. Ал үчүн алар өз шарттарын коюшат. Тактап айтканда, имараттын кайсы бир жерине өздөрүнүн иш-аракетин жарнамалоо үчүн орун сурашат. Алар менен иштешүү үчүн биз ички документтерди өзгөртүшүбүз керек болот. Эгерде шарттар туура келип калса, сунушту өкмөткө киргизебиз", - деди Султамбаев.
Кожомкул атындагы спорт ордосун орусиялык гитарачы баракчасына жүктөдү

Качан бир ичинер жарылып кетет болду экен силердин,жеген акчанарды кусуп.?