super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Ар кандай өйдө-ылдый маселелер, териштирүүлөр адилеттүү чечилип каралса маселе курчубайт”

 

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргыз мамлекетине тынчтык, ынтымак керектигин айтты.

“Ынтымак, туруктуу кырдаал гана экономиканы оңдойт. Ошондуктан бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык саясий күчтөр, мамлекеттик кызматкерлер болобу бардыгы ынтымактын үстүнөн иштеш керек деген тилегим бар. Ал эми ар кандай өйдө-ылдый маселелер, териштирүүлөр бар. Алардын бардыгы адилеттүүлүк, акыйкаттуулук менен чечилип каралса, маселе курчубайт”, - дейт Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бакирдин Субанбеков, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, саясий серепчи Даниэл Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: