super.kg logo
  Саясат  

Саясий эксперт Даниэл Кадырбеков: "Өлкөдө саясий абал курч болгону менен кооптонууга негиз жок"

 

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Саясий эксперт Даниэл Кадырбеков саясатчыларда бийликке чакырык таштоого ыңгайлуу учур жок деген пикирин айтты.
"Өлкөдө саясий абал курч болгону менен кооптонууга негиз жок. Себеби күчтүү оппозиция жок. Андан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядан жана Казакстандан "Атамбаевдин бажыдагы мафиясын жок кыл" деген белги алып жатат. Ошондуктан азыр президент бажы маселесине толук күч менен басым жасайт деп күтсөк болот. Учурда бийликке чакырык таштоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ресурсу жана социалдык капиталы жок. Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановтууралуу айтсак, алардын убактысы келе элек. Азыр бийликке чакырык таштоого ыңгайлуу учур жок", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, Бакирдин Субанбеков, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеевдин пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: