super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бакирдин Субанбеков: "Кыргызда бүгүнкү күндө саясий кырдаал туруктуу"

 

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков саясий кырдаалдан кооптонууга негиз жок деген пикирин айтты.
"Кыргызда бүгүнкү күндө саясий кырдаал туруктуу. Кооптонууга негиз жок. Ар ким өзүнүн иш аракетин кылып жатат. Кээ бирлери "7-апрелде эл көтөрүлөт экен" деп айтып жатышты. Эми бул күнү жер-жерлерде куран окутулуп, шейит кеткендер эскерилди. Элдин баары өз тиричилиги менен алек болуп жатат. Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселеси дыйкандарды оор кырдаалга алып келди. Көбүнүн продукциялары сатылбай калды. Өкмөт кечирээк реакция кылып калды. Бирок чек ара ачылганын дагы айтышты. Эгемендүүлүк алгандан бери канчанчы премьер иштеп жатат? Өкмөт кетет экен дешет. Жыл сайын өкмөттү алмаштыра берген биз үчүн адат болуп калды. Туруктуулук болгону жакшы. Жаңы өкмөт келсе көйгөйдү мурунку премьердин тушунда болгонун айтат. Экономика кыйратып гүлдөп деле кеткен жери жок. Чет өлкөдөн келген инвесторлор да ишеним көрсөтүп башташат эле. Колдон келсе өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк берсек", - деди Субанбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, Бакирдин Субанбеков, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, саясий эксперт Даниэл Кадырбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеевдин пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: