super.kg logo

ЖЭБ соту. Сапар Исаков: "Качкыбыз келсе, мурда эле качып кетмекпиз"

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сот отуруму башталарда жактоочулардын бири Канат Жайлоев судьяга кайрылып, айыпталуучулар тордун артында эмес, залда отуруп суракка алынуусуна уруксат берүүнү өтүндү.

"Бул нерсе айыпталуучулардын адамдык кадыр-баркына шек келтирип жатат жана кыйноо катары баалоого болот", - деди жактоочу.

Мамлекеттик айыптоочулар буга каршылыгын билдирип, айыпталуучуларга оор кылмыш тагылып жатканын эскертишти.

Бул өтүнүч боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков да өз пикирлерин билдиришти.

Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн жактоочусунун сөзүн колдоду. "Бизди коомго коркунучтуу деп атоого эч кимдин укугу жок" деди Сатыбалдиев.

Ал эми Сапар Исаков "айыпталуучулар качкысы келсе мурда камала элек кезинде эле качып кетмек" деп кошумчалады.

Ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдинова жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(18)
10.04.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Келме кезек терме тезек силер бийликте отурган да далай адамды ыйлаткансынар, эми чыдагыла.
10.04.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Сапар Исаков жөн эле олтурат ал жерде...
10.04.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Сапар Исаковтун эч кандай куноосу жок. Исаков таза иштеген кадрлардын бири болгон. Муну Жээнбековтордун атайын уюштурган иши. Жээнбековторго ээрчиме кошоматчылар гана керек. Жээнбеков эч нерсе жасай алган жок.
10.04.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
pat12,туптуура!500 кун болуптур реформа 0.Алдыга жылбай эле артка кетип атабыз.Маданият жагы такыр эле олду.Мойнубузга алалы.
10.04.2019. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Жээнбеков Нарын менен Колдон Исаков учун добуш алганын унутпасын.
10.04.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Azat.97, ооба, аның чын, туура
10.04.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azat.97,атамбайды текебаев президент кылган
10.04.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azat.97,Исаков Атамбаев учун!
10.04.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаков күнөлүү, бирок Жээнбеков премьер болуп турган кезде болгон ушул ТЕЦтеги коррупция.
10.04.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийликте отурганда аташканар менен мындан хуже кылгансынар келме кезек келди
10.04.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ЖЭБ болбосо да,наркы тарых музейдеги ремонт,миллиондогон акчага алган картондон жасалган аттардын келбети,мебельдерди алганда ушул Исаков куратор болуп турган.Анын баарын раматылык Улан Сегизбаев тактап,эсептеп чыгарып койгондо,сууга чоктуруп жок кылышты...
10.04.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон иштебейт да. болбосо ошол мезгилде Президентибиз премьер иниси спикер болуп турбады беле? булар неге жоопко тартылбайт? эки доо урушса ортодо чымын олот болуп Исаков отурат. Исаков бир принципте турган адам так жана ишеничтуу адам экенин ушундан эле билсе болот. АШАны саткан жок болбосо давно чыгып кетмек баарын шефке оодарып коюп. ансыз деле камай албай жатканда
10.04.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колу менен кылганын мойну менен тартсын тарых музейи, ТЕЦ . Көбүрөөк жеп койгон го. Албетте өзү эмес. Туура теришсе дагы далайынын шору куруйт го.
10.04.2019. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ооуу Жээнбековдун жердештери жайнаган го)) минустар көп басылыптыр))
10.04.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жээнбековдорду мактагыныбыз жок,эгер алардагы жеп атышса учуру келгенде жооп беришет.Азыр соз Исаков ж.б ж-до соз болуп жатат.Ал жеген жок дегендер, анан ким жеди? Атамбаевдин жанында жургондор бут жегич болушкан.
10.04.2019. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslanz,азыркыларын жебейт деп кепилдик бересинби?
10.04.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat.97,Азыркылар деле жеп жаткандары кийинчерээк билинет.А Исаковдуку баары ачыкка чыккан.
10.04.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин учурунда бийликте отургандардын баары жеген.Атамбаев пара бергендерди гана бийликке алып келген.Эч кандай билимдуу адамдар бийликке келген жок.Жээнбековдун жанындагы адамдардын да билим денгээли өтө төмөн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: