Депутат малды идентификациялоо иштери толук кандуу жүрбөй жатканын айтты
Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Кыргыз мамлекетинде малды идентификациялоо иштери толук кандуу жүрбөй жатканын айтты.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков кемчиликтер бар экенин белгиледи. “Кемчиликтер бар, анткени бардык айылдарда интернет жок. Ветеринарлар интернет жок болгондуктан маалыматтарды жеткире алышпайт”, - дейт ал.
Жыйында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоору укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.
