Депутат малды идентификациялоого өкмөт каражат бөлүп бербегенин айтты
Депутат Айтмамат Назаров малды идентификациялоого өкмөт каражат бөлүп бербегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Малды идентификациялоо зарылчылыгы 2007-жылдан бери көтөрүлүп келген. Бирок иш 2014-жылы башталган. 16 миллион доллар керектеле турганы эсептелген. Бирок өкмөт каражат, кошумча штаттык бирдик бөлүп берген эмес. Эл малга бирка басуунун баасы кымбат болгонуна нааразы болушту. Ошентсе да иш жүрүп жатты”, - дейт ал.
Жыйында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоору укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.




1 |