super.kg logo

ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга шектүү 8 аткаминердин соту. Айыптар угузулууда

 

Бүгүн, 10-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин иши боюнча соттук отурум улантылууда.

Саат 9:30да башталган соттук отурум 12:00дө танапис алып, 14:00дө кайра башталып саат 17:00гө чейин уланып, 10 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Учурда мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучуларга тагылган айыптарды угузууда. Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Салайдин Авазовго тагылган айыптарды угузушту.

Учурда мурдагы каржы министри Ольга Лавровага тагылган айып угузулууда. Жактоочулардын бири тагылган айыптар көпкө окулуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Мен саат 18:00дө башка жерге барып суракка катышышым керек болчу", - деди ал. Буга ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдиноваз калды, чыдап коюңуз" деген жооп узатканы менен жактоочу айыптоочуларда дагы көп кагаздар турганын айтып, угузуунун көп убакытты алганын белгиледи.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
11.04.2019. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар жүдөп кетиптир го
11.04.2019. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Берсин ар бирине 15 жылдан, жеген акчаларын төлөтүп туруп. Башкаларга да сабак болот ошондо.
11.04.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун кылган иш оз башына муш деген макал бар беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: