super.kg logo

"Бакай Банк" спорт менен сергек жашоо образын даңазалаган BakaiBank-JazDemi майрамына чакырат!

 

Ушул жылдын 14-апрелинде Бишкек шаары менен "Манас" аэропортун байланыштырган жолдо BakaiBank - JazDemi жарым марафону өтөт. Ага профессионал жана профессионал эмес болуп миңдей жөө күлүк катышат. Жазгы чуркоо сезону - Бишкектеги жагымдуу спорттук салтка айланып калды.

BakaiBank - JazDemi жарым марафону 2 жылдан бери "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун демөөрчүлүгүнүн алдында өтүп келет. Белгиленген аралыкты ийгиликтүү чуркап өткөн бардык катышуучуларга марага жеткендиги үчүн эстеликке медаль жана "Бакай Банктан" белектер берилет. Жазгы жарым марафондо катышуучулар үч түрдүү аралыкка чуркашып, 8 категория боюнча 72 байгелүү орундар коюлат.

Аралыктар: 5, 10, 21 чакырым

Жаш курактагы категориялар:

  • M16-29, W16-29 - 16 жаштан 29 жашка чейинки эркектер жана аялдар ,
  • M30-39, W30-39 - 30 жаштан 39 жашка чейинки эркектер жана аялдар,
  • M40-49, W40-49 - 40 жаштан 49 жашка чейинки эркектер жана аялдар,
  • М50+, W50+ - 50 жаштан жогорку эркектер жана аялдар.

Балдар канча аралыкка чуркайт?

* 3 жаштан 5 жашка чейинки балдар 100 метрге чуркашат,

* 6 жаштан 8 жашка чейинки балдар 300 метрге чуркашат,

* 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар 500 метрге чуркашат.

Мындан тышкары төмөнкү номинациялар менен сыйлыктар тапшырылат:

* Ардактуу жөө күлүк мырза,

* Ардактуу жөө күлүк айым,

* Эң жаш жөө күлүк,

* Стилдүү корпоративдик команда,

* Эң оригиналдуу костюм - 1-2-3-орун.

Катышуучуларга старттык пакеттерди таратуу 12-13-апрель күндөрү жүргүзүлөт. Дареги: "DORDOI PLAZA" соода борборунун (Ибраимов 115/2) фойеси, маалымат алуу үчүн телефондор: +996 554 600 707.

Жарым марафон өтө турган дарек: Старт/Маара - “Аска-Таш” стелла, Бишкек-"Манас" аэропортундагы жол.

Марафондун башталышы: 9:00.

7:50 - 8:20 - Катышуучулардын топтолот,
8:20 - 8:30 - Иш-чаранын ачылышы жана саламдашуу,
8:30 - 8:40 - Катышуучулар үчүн брифинг (милдеттүү түрдө катышуу зарыл)
8:40 - 8:50 - Көнүгүү жасалат,
8:50 - 9:20 - 100, 300, 500 метрге балдардын чуркоосу,
9:30 - 21 чакырым аралыкка чуркаган катышуучулар старт алат,
9:35 - 10 чакырымга чуркоочулар старт алат,
9:40 - 5 чакырыма чуркоочулар старт алат,
12:00 - 14:00 - Жеңүүчүлөрдү жана бардык аралыкта чуркаган байге ээлерине сыйлыктарды тапшыруу,
14:00 - Спорттук иш-чаранын жабылышы.

Мындан тышкары марафонго катышуучуларга концерттик программа тартууланып, утуштар ойнотулуп байгелер ыйгарылат. Бул ирет BakaiBank - JazDemi жарым марафону дагы бир маанилүү учурду камтып жатат. Анткени анда топтолгон каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка - көзү азиз жана көрүүсү начар адамдарга таяк сатып алууга жумшалат.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: