Кыргыздан чыккан алгачкы окумуштуулардын бири Досубак Шаршеналиев 91 жашында дүйнө салды
Кыргыздан чыккан алгачкы окумуштуулардын бири Досубак Шаршеналиев 91 жашында дүйнө салды.
Ал 1928-жылы Талас районундагы Шумкар-Уя айылында Чийлүү-Машат конушунда жарык дүйнөгө келген. Алгач айылдагы 4 жылдык мектепте окуйт. 7-классты райондун борборундагы Будденый орто мектебинен бүтүргөн. Андан соң Фрунзедеги №5 мектептен орто билимге ээ болгон. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунан алган.
Жогорку билимин алгандан соң, өзү окуган 5-мектепте, Кыргыз улуттук университетинде эмгектеген. Кыргыздан чыккан алгачкы окумуштуулардын сабынын башында турат. Анын жазган сын-пикирлери эл агартууга арналган гезит-журналдарга байма-бай басылып турган. Анын орус тилинен которулган геометрия китеби бир нече муунду окутууда салымы зор болду. Ошол эле маалда Фрунзе шаардык кеңешинин депутаты болуп элине кызмат өтөгөн. Кийин Кара-Сууга көчүп келип 1956-жылдан 1988-жылга чейин мугалимдик кесибин улантып пенсияга чыккан.
Андан соң айылдын тарыхын, санжырасын чогултуу менен алек болду. Досубак Шаршеналиев 11 баланы тарбиялап өстүргөн. 26 небереси, 18 чөбөрөсү бар.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Досубак Шаршеналиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.







1 |