Бишкекте төрөт үйүнүн короосуна катуу сабалган абалда ташталган жарандардын экинчиси да каза болду
Кечээ түндө белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалып, Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн короосуна ташталып кеткен экинчи жаран да каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинен билдиришти.
"Катуу сабалган экинчи жарандын абалы өтө оор болчу. Ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал бүгүн күндүзү каза болуп калды", - деп билдиришти милициядан.
Буга чейин сабалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин ИИМден маалымдашкан. Алардын бири түндө эсине келбей каза болгон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.








1 |