super.kg logo

Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуу процесси 31-октябрга чейин узартылды

 

Улуу Британиянын жана Европа биримдигинин лидерлери чукул саммитте Улуу Британиянын биримдиктен чыгуу процессин 31-октябрга чейин жылдырууну макулдашышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Европа союзунун төрагасы Дональд Тусктун айтымында, Улуу Британия союздан чыгуу чечимин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилди.

"Улуу Британиянын карамагында туура чечим чыгаруу үчүн дагы 6 ай убакыт бар. Бул аралыкта алар келишимди ратификациялай алышат же болбосо Европа биримдигинен чыгуу чечимин кайра карап чыга алышат", - деп билдирген Туск.

Ал эми Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Британия Европарламентке шайлоо өткөрүүгө милдеттүү экендигин белгилеп, бул шарттар аткарылбаса 1-июнга чейин биримдиктин катарынан чыгышы керектигин жазган.

Улуу Британия расмий түрдө Европа биримдигинен ушул жылдын 29-мартына чейин чыгышы керек эле. Бирок британиялык аткаминерлердин арасында биримдиктен качан, кандай шартта чыгуу керектиги боюнча кайчы пикирлер жаралып, айрым аткаминерлер Европа союзунан чыгуудан баш тартууну колдошкон. Мындай пикир-келишпестиктер бийлик өкүлдөрүн кризиске каптап, миллиондогон жарандар катышкан толкундоолорго алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: