super.kg logo

Депутат Балыкчы шаарындагы көйгөй боюнча өкмөт өкүлүнө төрт жолу кайрылса да, эч нерсе чечилбегенин айтты

 

Депутат Алтынбек Жунус уулу Балыкчы шаарындагы көйгөй боюнча өкмөт өкүлүнө төрт жолу кайрылса да, эч нерсе чечилбегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эки-үч жыл мурун Балыкчы шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринин асфальтын сыйрып салышкан, ошондон бери оӊдолбой турат. Ал жердеги шамалды билесиӊер, шаардыктар чаӊдан арылбай калды. Колунан келбегенден кийин сыйрыбай коё турса болмок. Жергиликтүү тургундар нааразы, кайрылбаган жери калган жок. Балыкчы шаарынын тургундары кайра-кайра кайрылып чарчап бүтүштү. Мен дагы өкмөт өкүлүнө ушуну менен төрт жолу кайрылдым, эч нерсе чечилген жок. Качан чечилет, ачыгын айтып койгулачы? Мен билгенден, жолду курууга 250 миллион сом бөлүнгөн, анын кайда жумшалганынын дайыны билинбей калды. Жок дегенде 7 чакырым жол асфальтталса шаар тургундары чаӊдан арылып калмак", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.04.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкмөттүн өкүлүнө тили өтпөгөндөн кийин жогорку кеңеште эмне олтурат,анда депутаттын эмне кереги бар?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: