super.kg logo
  Спорт  

Шахмат боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты

 

Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Шахмат федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалы бар.

"Айжан Съездбекова 10 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдештен алтын медаль тагынса, Эржан Жакшылыков 12 жашка чейинки балдар арасындагы мелдештен күмүш медалды жеңип алды. Ал эми Бегимай Заирбек кызы 18 жашка чейинки кыздар арасындагы мелдеште күмүш медалдын ээси болду", - деп айтылат маалыматта.

Шахмат боюнча Азия чемпиондугу 2-апрелден 10-апрелге чейин Калутара шаарында өтүп, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Жаңы Зеландия, Индия, Иран, Монголия, Вьетнам, Таиланд, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 8 жаштан 18 жашка чейинки шахматчылар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
11.04.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар дүйнө жүзүнө кыргыздарды дагы бир жолу даңазалапсыңар келечегиңер алдыда дагы көп ийгиликтерди жаратасыңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: