Курсан Асанов: "ИИМдин ички аскерлери 1 жыл кызмат өтөйт"
Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов: "Долбоорго ылайык, ИИМдин ички аскерлери эки макамга ээ болууда. Алар уставдын негизинде 1 жылдык кызмат өтөйт. Ал эми негизги милдетин аткарууда ИИМдин статусуна да ээ болушат", - деп билдирди.
Депутат Айбек Алтынбеков "Ички аскерлери канча убакыт кызмат өтөшөт?" деген суроо узатты. Буга Курсан Асанов "Куралдуу күчтөрдүн аскерлериндей эле 1 жыл кызмат өтөйт" деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.