super.kg logo

О! Мобилдик оператору кичи шаарларда жана айылдарда 4GLTE түйүнүн жакшыртууну улантууда

 

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнү камтыган аймакты кеңейтүүнү улантууда. Төртүнчү муундун ишенимдүү сигналын жакында алыс жайгашкан айылдардагы 90 миңден ашуун кыргызстандыктар сезе алышмакчы.

"LTE түйүнүнүн келиши менен айыл тургундары интернет-сервистердин жардамы менен мамлекеттик кызматтарды алуу, онлайн-сатып алууларды жана банктык операцияларды жүргүзүү, бизнести жүргүзүү же билим алуу боюнча ыкчам маалыматтарга ээ болуу сыяктуу бир катар күнүмдүк иштерин чечип алышат", - деп айтып берди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

"Аймактардагы түйүндүн камтуусун көбөйтүү – биздин абоненттер үчүн О! байланышын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берүүчү пландык ченемдүү, бирок абдан маанилүү иш болуп саналат. Биз бул маселени бир эле убакта бир нече жолдор менен чечип жатабыз. Иштеп жаткан базалык станцияларды модернизациялап жана байланыштын жаңы стандарты менен кошумчалап жатабыз, кээ бир жерлерде жаңы аянтчалардын эсебинен камтуу аймагын кеңейтип жатабыз".

Анын айтымында компаниянын келечектеги пландарында аймактардагы 4 G LTE түйүнүн өнүктүрүү максаттардын алдыңкы саптарында турат.

О! Мобилдик операторунун техникалык командасы тарабынан жакында эле жүргүзүлгөн жумуштар бир нече жүз киши жашаган айылдарды да ичине алуу менен калкынын жыштыгы аз болгон пункттарды камтыды:

  • Чүй облусу: Бордунский, Бейшеке, Чолок, Төлөк, Первомайское, Озерное, Шамшы;
  • Ысык-Көл облусу: Липенка, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу, Тосор, Көл-Төр, Ысык-Көл, Кутургу, Ой-Булак, Пристань-Пржевальск;
  • Нарын облусу: Терек, Чолок-Кайың, Кара-Ой, Жаңы-Күч, Кара-Булуң, Куйручук, Түгөл-Сай, Орток, Шамшы, Казан-Куйган, Жылан-Арык;
  • Жалал-Абад облусу: Беш-Бадам, Оогон-Талаа, Бувакол, Чарбак, Каба, Көк-Алма, Түрдүк, Чек, Сасык-Булак, Арал, Бирдик;
  • Ош облусу: Сопу-Коргон, Гагаринатындагы, Мады, Кожо-Арык;
  • Баткен облусу: Бешкент айыл аймагы, Андарак, Искра, Тогуз-Булак, 50 Лет Киргизии.

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды "О! түйүнүнүн өнүгүүсү" бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-түйүнү – Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
11.04.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бүгүн мен "Үй-бүлө регион" тарифтик планына кошулдум, мурдагы иштетип жүргөн сим картаңды негизги кылып алсаң болот экен. Эң жакшы тариф, кошулгула!!!
12.04.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
о! компаниясы сиздерге чон рахмат ишиниздерге ийгилик,озунуздорго ден соолук берсин.Мен Андарак айылынан болом бизде 4G базалык стансиясы курулуп аябай жыргап калдык. О! биз сиздер менен алга Кыргызстан алга О!.
12.04.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О компаниясы Кыргызстандагы эн арзан Жана интернетинин скорусу жакшы москвадан ватсапптан звонк кылабыз ошко катыбайт жакшы суйлошобуз
12.04.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 жыл жумасына 205 сом төлөп жакшы эле иштеп жүргөн 2 айдан бери интернет тартпай жүдөттү. Кечээ барып Ошканы өчүртүп Мегага өттү. Жакшы эле иштеп жатат
12.04.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О!компаниясы Токтогул районунун Чолпоната айыл өкмөтүнүн Актектир айылында 3G интернет бар бироок ылдамдыгы жок болуп кетти 4G интернет качан болот көпчүлүк элдин атынан суранам замандан арта калбайлы
12.04.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте Алтын-Ордо конушунда качан оңдойсуңар байланышты
12.04.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кечкисин интернет катый эле берет 4G да. ошон үчүн нерфи жукалар ошка колдонбой эле койгула.
14.04.2019. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу "О!" компаниясынын жетекчилик жамааты. Сиздердин компания олконун бардык аймактарында ото жакшы онугуп келе жатасыздар.Эми айтайын дегеним Кадамжай районунун Алга айыл окмотунун борбордук болугундо гана "О" нун интернети жакшы иштейт. Айылдын чет жактарында интернеттин ылдамдыгы начар. Видеозвонок катып, токтоп калат. Айылдагы чек ара заставасынан батыш тарапка да интернетти жакшыртып, бир аппараттыныздардан коюп берсениздер айыл эли ото ыраазы болмокпуз.
ABAkg86 түзөттү 2019-04-14 02:49:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: