Ак Үйдүн алдына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты





Бүгүн, 11-апрелде Ак Үйдүн алдына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты. “Насип кайып” коомунун жетекчиси Замира Абдыраева президенттин кабыл алышын күтүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
“Биз Нарын шаарынан келдик. 2011-жылдан баштап Алмазбек Атамбаевге майыптарга үй куруп берүүгө каражат сурап келгем. 2017-жылы сентябрь айында Атамбаев 10 миллион сом акча бөлүп берген. Эки кабаттуу үй салып баштаганбыз. Акча жетпей калып кайра Сооронбай Жээнбековдон 5 миллион сом сурап эки кабаттуу 10 батирлүү турак жай курулуп бүткөн. Быйыл 14-январда үйгө киргенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бизге документ берилбей жатат. Анткени жаңы Турак жай кодекси боюнча, мамлекеттин акчасына салынган үйлөрдүн техникалык паспорту берилбейт. Биз каза болуп калсак балдарыбыз үйдөн чыгып, башка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер кирип калат экен. Ушул маселени президент чечип берсин деп бул жакка келип отурабыз", - дейт ал.




1 |