super.kg logo

Бишкекте төрөт үйүнүн короосуна катуу сабалган абалда ташталган жарандардын өлүмүнө шектүү катары "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал жаранга издөө салынды

 
Издөөдө жүргөн Чыңгыз Жумагулов.

Бишкектин №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалган адамдарды эс-учун жоготкон абалда таштап кеткен фактыга тиешеси бар эки жаран кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов изделүүдө. Ал эми кармалган шектүүлөр Чүй облусунун тургундары 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Маалымат боюнча алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан.

Бул факт боюнча чогултулган материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү жана адам өлтүрүү) менен катталган. Ал эми окуянын эртеси Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Баш айылынан ооруканадан каза болгондордун бирине таандык Ауди С-6 үлгүсүндөгү унаа табылып, унааны кароодо ичинде кандын тактары, тапанча, дүрбү жана уюлдук телефон табылган.

Азыркы убакта аталган кылмышка шектүү катары, ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери оор кылмыш ишине тиешеси бар үчүнчү шектүүнү кармоо боюнча ыкчам изилдөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
малдар,менин оюума койсо сурап териштирип отурбай атып салмакмын,коом аз да болсо тазарат
11.04.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Доо Чынгыз камакта эмесбеле? Качып кетти деп бир чыгып кайра кармалды деп жанылыктардан чыгарышты элего?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: