super.kg logo
  Спорт  

15 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн улуттук курама команда Кытайда өткөн мелдеште 4 команданын ичинен 3-орунду алды

 

15 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн улуттук курама команда Кытайда өткөн "Silk Road Huashan Cup" аталган эл аралык мелдеште 3-орунду алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Белгилүү болгондой, кыргыз футболчулары мелдеште жалпы 3 оюн өткөрүп, экөөсүндө жеңилип калган.

"Алгачкы беттеште өспүрүмдөрдөн куралган команда тажикстандык теңтуштары менен беттешип, 8:0 эсебинде жеңилип калышты. Экинчи оюнда талаа ээлери Кытай курамасына каршы ойноп, 6:0 эсебинде кытайлык футболчулар жеңишке жетишти. Ал эми Мьянма менен болгон беттеш Эльзар Мелисбек уулу менен Ааламбек Абылкасымовдун голдорунун негизинде 2:1 эсеби менен кыргыз футболчуларынын пайдасына чечилди.

Жыйынтыгында Кыргыз курама командасы мелдеште 3-орунга ээ болду. Биринчи орунду Тажикстан багындырса, Кытай курамасы 2-орунду алды", - деп айтылат маалыматта.

"Silk Road Huashan Cup" мелдеши 6-апрелден 10-апрелге чейин Кытайдын Вэйнань шаарында өтүп, ага Кытай, Мьянма, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнөн келген командалар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зато не последний
11.04.2019. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир бала атасына келип атаа бугун жарышта экинчи болдум десе канча адам жарыштынар десе экообуз эле деген экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: