super.kg logo

Сокулук РИИБинин кызматкери капыстан чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду

 

Чүй облусунун Сокулук районунун Шалта айылында милиция кызматкери 37 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-апрель күнү, саат 22:15 чамасында болгон. Анда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кырсык тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Унааны 29 жаштагы О.М. аттуу жаран айдап бара жаткан. Анда айдоочу капыстан чыга калган жөө жүргүнчүдөн буйтап өтүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган. Мындан улам ал жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден ал каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Териштирүү ишинде унаанын айдоочусу Сокулук РИИБинин кызматкери болуп чыккан. Ал ошол убакта Сокулук районундагы айылдардын биринде катталган "уурулук" фактысы боюнча иш-чарадан келе жаткан. Айдоочу алгачкы медициналык экспертизадан өткөндө ичимдик ичпегени аныкталган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.04.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокустукта бул нерсе арбир адамда болушу мункун кудай сактасын мындай нерседен баарыбызды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: