super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Алишер Мамасалиев: "Эгер премьер-министрдин парламенттеги фракциясы болсо, Жогорку Кеңеш менен өкмөт биргеликте чоң реформаларга бара алат"

 

Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Президент өкмөт үчүн отчёт бергендей таасир калтырганын интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. "Президент премьер болуп алганбы", "Жээнбековдун сөзүн өкмөттөгүлөр жазып берген окшойт" деген мааниде сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн чабалдыгына президент көбүрөөк күнөөлүүбү же Жогорку Кеңешпи?" деген собол салды.

Экс-депутат Алишер Мамасалиевдин айтымында, бүгүнкү кадр саясаты боюнча көп сын-пикирлер айтылууда.

"Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев саясатчы эмес, ал аппарат кызматкери жана чиновник. Тилекке каршы, анын командасы да алсыз. 2016-жылы референдум аркылуу Конституцияга премьер-министрге байланыштуу бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Премьер-министр сөзсүз түрдө депутаттык фракциясынын жетекчиси болуш керек деп ойлогонбуз. Себеби эгер парламенттик системди түзөбүз десек, премьер-министр сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештен келиш керек. Эгер ушундай жол менен барсак, өкмөт башчынын парламенттеги фракциясы жана колдогон депутаттары болсо, анда Жогорку Кеңеш менен өкмөт биргеликте чоң-чоң реформаларга бара алат деп эсептейм. Акыркы учурларда көбүнчө премьер-министрликке талапкерлер Ак Үйдүн 7-кабатынан, президенттик аппараттан сунушталган. Ошондуктан алар каалайбы же каалабайбы, баары бир президентке баш ийишет", - деди Мамасалиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: