super.kg logo

Министрлик: "Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдардын окуясын атайын түзүлгөн комиссия текшерип жатат"

 

Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдардын окуясын атайын түзүлгөн комиссия текшерип жатат. Бул тууралуу 11-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Адистер Баткенде эмдөөдөн өткөн окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, иш алып барышууда. Ооруканада жаткан кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Абалы жакшырып үйүнө чыгарылды. Баары туруктуу. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Комиссия ишин бүтүрүп, анализ жүргүзгөн соң баары белгилүү болот", - деди министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

9-апрель күнү түштөн кийин Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөрүлүп, бирок айрымдары абалы начарлап жаткандыктан ооруканага барышкан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкенин кабарлаган. Бул боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев атайын түзүлгөн комиссия Баткен шаарына жөнөтүлгөнүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.04.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текшерилип жатат, иликтоо журуп жатат менен иш жабылатта калат.
12.04.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эмдоолорго мен такыр каршымын,сопсоо адамга укол сайып. Айла жок албасан мектепке бакчага албай койот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: