super.kg logo

Судан өлкөсүндө аскердик төңкөрүш орун алып, 30 жыл башкарып келген президент кызматынан алынды

 

Чыгыш Африкада жайгашкан Судан өлкөсүндө аскердик төңкөрүш орун алып, президент Омар аль-Башир үй камагына алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Судандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын отуруму орун алып, ага президент да катышкан. Отурумда аскер кызматкерлери президентке кызматынан алынганын билдиришкен. Мындан сырткары, президенттин жакын адамдары, санаалаштары жана өкмөт отставкага кетип, 100дөн ашык аткаминер камакка алынган.

Судандын коргоо министри жакынкы 2 жылда өлкөнү аскердик кеңеш башкарып, андан кийин шайлоо болорун билдирди. Ошондой эле өлкөдө 3 айга өзгөчө кырдаал жарыяланып, 24 саатка учактар үчүн аба мейкиндиги жана чек ара жабылды.

Президент Омар аль-Башир Суданды 30 жылдан бери башкарып келген. Өткөн жылдын декабрь айынан бери өлкөдөгү саясий кырдаал курчуп, 20дан ашык шаарларда жарандар демонстрацияга чыгып башташкан. Алгач нааразы болгон эл нандын баасынын арзандашын талап кылса, кийинчерээк президенттин отставкасын талап кылып башташкан. 4 айдан бери уланып жаткан нааразычылык акцияларында ондогон карапайым жашоочулар каза болгондугу айтылууда.

Айрым батышчыл басылмалар демонстранттарды басуу үчүн Омар аль-Баширди колдогон Орусиянын аскердик күчтөрү жардам берип жатканын жазышкан. Ал эми Орусия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Суданда орусиялык жеке күзөт фирмалары жалданып иш алып барып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кетиште Россиянын өзүндө да төңкөрүш болот, аскердикпи же жарандыкпы иши кылса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: