super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Диего Коста сезондун аягына чейин футболдон четтетилди

 

Мадриддик "Атлетико" клубунун чабуулчусу Диего Коста сезондун аягына чейин футболдон четтетилди. Бул тууралуу Испаниянын спорттук басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Коста Испан футбол федерациясы тарабынан 8 беттешке дисквалификацияланды. Буга футболчунун 7-апрелде өткөн "Барселона" - "Атлетико" беттешиндеги жоругу себеп болду.

7-апрелде испан чемпиондугунун алкагында "Барселона" клубу "Атлетикону" 2:0 эсебинде жеңип алган. Беттештин 28-мүнөтүндө Диего Коста калыска карата кемсинткен сөздөрдү айткан үчүн кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, оюндан четтетилген.

"Атлетико" клубу сезондун аягына чейин 7 беттеш өткөргөнүнө байланыштуу, Коста бул сезондо талаага чыкпайт. Ошондой эле кийинки сезондун алгачкы беттешине катыша албайт.

Диего Коста 2010-2014-жылдарда "Атлетико" клубунун катарында ойногон. 2014-жылы "Челси" клубуна өтүп, 2018-жылы кайра мадриддик клубга кайтып келген. Ал жалпы жонунан "Атлетико" үчүн 124 оюнда 48 гол жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.04.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Диего Коста мына эми дем алышта ашыкча мүүйүзүңү кыскартып даарылатып аласын.
keba300989 түзөттү 2019-04-12 09:25:55
12.04.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылат абдан эле грязный оюнчу, озу ушул Атлетико оюнчулары женилип жатса ушундай жоруктары коп тренери баш болуп. Откондо дагы Атлетико:Ювентус оюнунда дагы Атлетико гоол киргизгенде тренери адепке сыйбаган жоругу мн гоолду майрамдаган, жооптук оюнда Роналду кандай экен деп Роналду хетрихти дал ушундай майрамдап койду эле Симеоне сууга тушкон келемиштей болуп калдыго.
12.04.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PogbaGard,эң туура
12.04.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коста Челсиде журуп да ар кыл жоруктары менен жазаланып жургон.Туура эле кылды,пусть ойлонуп кийинки сезонго норма даярдык менен келсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: