super.kg logo
  Саясат  

Жеңиш Разаков вице-премьерликтен бошотулушу мүмкүн

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан кол жуушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясынын отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев эмне себептен чек араны тактоо маселеси боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кызматтан алынганына кызыкты.

Өкмөт башчы жооп бергендей, Искандаров мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн кызматтан алынды. "Кесиптештер ал маалымат алып келгенин тастыкташты. Искандаров күнөөнү моюнуна алды. Эгер Жеңиш Разаковдун күнөөсү далилденсе, ал да кызматтан алынат”, - деди Абылгазиев.

Буга чейин "Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы" деген маалымат тарап, кийин калп болуп чыкканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: