super.kg logo
  Саясат  

КСДП "Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын митингинде Алмазбек Атамбаевдин башаламандык уюштуруу планы бар" деген кептерди төгүндөдү

 

"Эгерде кимдир бирөө эртеңки митингдин катышуучуларын мыйзамсыз иштерди жасоого үгүттөөгө кызыкдар болуп жатса, бул бийлик болушу мүмкүн". Мындай билдирүү КСДПнын басма сөз кызматы жарыялаган маалыматта айтылат.

Партия интернеттеги социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар боюнча жооп берип, төмөнкүлөргө токтолгон.

"Кеп "Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын митинги учурунда Алмазбек Атамбаевдин башаламандык уюштуруу планы бар" деген жалган маалымат тууралуу болууда. Аны менен кошо "эки-үч адамды атуу" планы жөнүндө да айтышууда.

Моралдык нормалардын чегинен чыккан чагымчылдыкты төгүндөйбүз. Ошону менен бирге мындай ушактар президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө келүүсүнөн коркуп жаткандар аркылуу атайын таратылып жатканын билдиребиз. Аны шайлоодо 600 миң шайлоочу колдогону белгилүү.

Бабановдун мүлктөрүнө тиешеси бар объекттерге байланыштуу кылмыш иштеринин шашылыш түрдө уюштурулушу, жергиликтүү бийлик анын тарапташтарына митинг жана концерт өткөрүүгө тыюу салынышына карап коомчулукта бул нерселер Ак Үйдүн көрсөтмөсү менен болуп жатат деген ишеним калыптанып жатат. Чагымчыл ушактарды жайылтуу кимдир бирөө үчүн эмес, Ак Үй үчүн болуп жатат. Эгерде кимдир бирөө эртеңки митингдин катышуучуларын мыйзамсыз иштерди жасоого үгүттөөгө кызыкдар болуп жатса, бул бийлик болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: