super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Азыркы президенттин милдети - ушул кырдаалдан туура жолду тандап чыгуу"

 

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде кайтып келерин айтты. Бул маалымат белгилүү болгондон кийин анын жакындары суракка чакырыла баштады. Мындан тышкары Бабановго тиешеси бар "Кыргызстан" банкынын акционерлери да суракка алынды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соңку күндөрдөгү Бабановго каршы бийликтин аракеттери куугунтукпу?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдунайтымында, Бабановго карата бийликтин акыркы аракеттерин сөзсүз түрдө куугунтук деп эсептөөгө болот.

"Саясий куугунтук бир гана Өмүрбек Бабановго болгон жок, ошол эле Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун абакта отургандары - саясий куугунтуктун уландысы. Андан сырткары, Мелис Мырзакматовдун кылмыш иши дагы деле жабылбай, Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлбөй жаткандыгы - түздөн-түз бийликтин саясий салмагы чоң, күчтүү саясатчыларды атаандаш катары көрүүгө кызыкдар эмес экендигинин белгиси.

А бирок чынында бийликтин, президенттин эң башкы милдети, мындайча айтканда, негизги функциясы - калктын ар кайсы катмарынын көрүнүктүү лидерлери менен диалог түзүү. Конституцияда да бул тууралуу жазылган, президент бул өкмөттүн, бийликтин бутактарын биримдикке алып келчү фигура болуп эсептелинет. Ошол себептен азыркы президенттин милдети - ошондой кырдаалдан туура жолду тандап чыгуу", - дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Ирина Карамушкина, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, жарандык активист Аманбол Бабакулов жана журналист Мирбек Айтикеевдин пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: