super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келбей калды

 

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ал өзү Москва шаарында SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен өтө жооптуу, терең ойлонуу менен чечим кабыл алдым. Түнү менен штабдан мени колдогон адамдар телефон чалып жатышты. Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык майрам митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын айтышты. Мен үчүн Кыргыз мамлекетиндеги тынчтык, биримдик жөн эле сөз эмес. Ар бириңердин жашооңор кымбат. Мени колдогон, мага күч-кубат бергендердин бирөөлөргө курал болушун каалабайм. Бүгүнкү күнү мени колдогон тынчтык митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргыз мамлекетине тынчтык керек. Кээ бирөөлөрдүн ишеничин, үмүтүн аткара албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых баасын берет. Менин максатым - Кыргыз өлкөсүнө тынч кайтып келүү. Ар бириңер менен жолугуп, жүз көрүшүп, кучакташып отурганды каалап турам. Мен эч качан кыргыз элин үчүнчү күчтөргө колдонууга жол бербейм. Ошондуктан сиздерден бүгүнкү боло турган тынчтык митингди токтотуп, тынчтык жолу менен барууну чечтим. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү сөзсүз түрдө барам", - дейт ал.

Буга чейин ал Кыргыз өлкөсүнө бүгүн саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын билдирген. Бабанов 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.






Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келбей калды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев, Мундуз Жапаров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: