Чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан аял кармалды
Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайынан чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан 48 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаанын орундугунун артына жашырынып алып чек арадан өтүүгө аракет кылган. Ага сот Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгууга тыюу салгандыгы аныкталды. Документтер толтурулгандан кийин аялды УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.