Былтыр 8 бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылып берилген
Депутат Төрөбай Зулпукаров мектепке чейинки жаш өспүрүмдөрдүн саны 28 пайыздан 41 пайызга көбөйгөнүн белгиледи. Бул тууралуу ал кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.
"Буга байланыштуу 2018-жылы канча бала бакча курулду, бюджеттен канча акча которулду? Баарыбызга белгилүү болгондой менчик бала бакчалар көп санда ачылып жатат. Кээ бир жерлерде үйлөргө ачылган бала бакчаларда тарбиячылар айлык акы албай иштеп жатышат. Финансы министри тарабынан ошол тарбиячыларга айлык акы төлөп берүүнү сунуштайм", - деди депутат.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2018-жылы 6 бала бакча ачылып, 2 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп, 8 бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылып берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.