Былтыркы жылы Кыргыз мамлекети 143 өлкө менен соода-сатык мамилелерин жүргүздү
Былтыркы жылы Кыргыз мамлекети 143 өлкө менен соода-сатык мамилелерин жүргүздү. Бул тууралуу 11-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"2018-жылы Кыргыз мамлекети дүйнөнүн 143 өлкөсү менен соода-сатык мамилелерин жүргүздү. Экспорт 93 өлкөгө чыкты. Тышкы соода жүгүртүү 6 миллиард 7 миллион долларды түзүп, 6,6 пайызга көбөйдү. Анын ичинде экспорт 1 миллиард 8 миллион доллар, импорт 4 миллиард 9 миллион долларды түздү. 2018-жылы өлкөдө 10 ири ишкана жана 250дөн ашык ар түрдүү тармактагы чакан жана орто ишканалар ишке киргизилди. Талдоолор көрсөткөндөй, импорттун түзүмүнүн негизинен экономиканын реалдуу сектору үчүн абдан керектүү болгон импорттук техникалар, жабдуулар түздү", - дейт өкмөт башчы.


