Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылды
Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берди. Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Эске салсак, Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталууда. Ал 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
-3
-3
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















