Оор атлетика боюнча КРнын өспүрүмдөр курама командасы Азия оюндарына даярданууда
16-июлдан 2-августка чейин оор атлетика боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы Азия оюндарына катышуу үчүн машыгуулардан өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Машыгуулар Ысык-Көл районундагы Бостери айылында болот. Азия оюндары 16-24-август күндөрү Кытайдын Нанкин шаарында өтөт. 13 спортчудан турган команданын машыктыруучулары Элдияр Шатманов жана Нурмат Баимов.
Мелдешке төмөнкү спортчулар катышат:
Манас Стамалиев;
Курсант Төлөнов;
Аскат Анардин уулу;
Рустам Тажидинов;
Искендер Саламатов;
Сыргак Бекжанов;
Тимурлан Төрөбай уулу;
Урмат Сыргабаев;
Кадырбек Айтбек уулу;
Темурлан Таалайбек уулу;
Бекулан Мырзабеков;
Алина Талантбек кызы;
Жеңишгүл Советбек кызы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.