super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Продукцияны сыртка сата албаганыбыздын пайдасы - өлкө ичинде арзан сатылууда" дейт

 

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган иши жөнүндө отчёт берүүдө.

Депутат Сайдулла Нышанов айыл чарба продукцияларын сыртка сатуу жолдорун жеңилдетүү керектигин айтты. "Продукцияны сыртка сата албаганыбыздын пайдасы - өлкө ичинде арзан сатылууда. Бул жагынан өзүбүздүн жарандарыбызга жакшы болду", - деди Нышанов.

Вице-премьер-министр былтыр дыйкандарга 5,5 миллиард сом насыя катары бөлүнүп берилгенин маалымдады.

Мындан тышкары депутат Кыргыз өлкөсүнө чет жактан келген туристтерге аэропорттон 10 доллардан салык салуу демилгеси боюнча кандай жылыштар болуп жатканына кызыкты.

Замирбек Аскаров жооп бергендей, былтыр өлкө аймагына 7 миллион 400 миң адам кирген. "Сиздин сунушуңуз боюнча өкмөткө да сунуш бергенбиз. Ооба, чынында жылдан жылга өлкө аймагына келген туристтердин саны өсүүдө. Биз алардын саны туруктуу бир чектен ашкан соң бул сунуш боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүнү демилгелеп жатабыз", - деди Аскаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: