Эл аралык сынакка Кыргыз жеринен барган 13 жаштагы Акылбек Саламатов алтын медаль утуп алды



13 жаштагы Акылбек Саламатов Казакстанда өткөн Infomatrix-2019 эл аралык сынагында Робототехника категориясында жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын агасы Бекжан Бектуров билдирди.
Белгилүү болгондой, сынак 9-14-апрель күндөрү Алматы шаарында өттү. Ага Гонконг, Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстан, Ирак, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргыз өлкөсүнөн 514 адам катышты. Кыргыз жеринен барган окуучулардын 93ү финалдык мелдештерге катышты.
Акылбек Саламатов алтын медаль жана Казак-Британия Техникалык университетинде билим алууга грант утуп алды. Ал учурда Европада өтө турган сынакка даярданып жатат.
Infomatrix сынагы Казакстанда алтынчы ирет өтүп жатат. Ага чет өлкөлөрдөн IT тармагына кызыккандар келип катышат. Сынак робототехника, программалоо, компьютердик графика, жабдууну башкаруу системи, дрон-рейсинг, кыска метраждуу тасма категориялары боюнча өткөрүлөт.






1 |