super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ошто электрондук билетке өткөн автобустардын айдоочулары пенсионерлердин карточкасын жаратпай жатышат" дейт окурман

 

Ошто электрондук төлөмгө өткөн автобустар пенсионерлердин карточкасын жаратпай жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Бул нерсени жазбай коюуга болбоду. Ош шаарында жашайм. Бул жакта каттаган автобустар пенсия курактагы адамдардан пенсия китепчесин көрсөткөн кезде жокко чыгарып, айдоочулары "бул жарабайт, акча бер" деп талап кылып жатышат. Эмнеге деп сурашса "карточка менен төлөмөй болгондо пенсия китепче жараксыз болуп калган" деп айтышууда. Мындай окуя көп катталып жатат", - деди окурман.

Бул боюнча Ош шаардык мэриясына байланышып төмөнкүдөй жооп алдык. "Ошто коомдук транспорттор электрондук билетке өткөнү белгилүү. Атайын пенсионерлер үчүн 5 миң даана карта чыгарылган. Электрондук билет 64 сом турат. Билеттер ОшМУ, ОшТУ, ОГПИде сатылып жатат. Ошону алгандан кийин акысыз жүрүшсө болот", - деп билдирди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.04.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Керек болсо жеткирип бергиле силер не иш кыласынар элге кызмат кылбай
15.04.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Chungyz, Мериянын көрүнгөндүн үйүнө корточка тараткандан башка иши жок дейсиңби?
Керек болсо өзүң барып ал, электрондук карточка болсо өзүбүзгө ыңгайлуу эмеспи, бир тийгизип түшүп кетесиң, алдыга туруп аласыңар бергениңер 1000 сом, водитель ага майда таппай убара
17.04.2019. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пенсия бергеч эле берип койсо бт го эми караган кишилер университет кыдырышсынбы тооба жасагандан кийин бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: