super.kg logo
  Саясат  

Мугалимдердин маянасын эсептөөнү мындан ары Билим берүү жана илим министрлиги алып барат

 
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык маянасын борборлошкон эсептөө аркылуу жүргүзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда билим берүү боюнча облустук координаторлордун жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымдады. Анын айтымында, мектептерди каржылоо маселесин эми министрлик өз колуна алат. "Бухгалтерия августтан баштап ишке кирише баштайт жана маяна бардык нормалардын негизинде берилет. Мурда маяна Каржы министрлигинин карамагында болчу. Ал эми төлөм жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишке ашып, бухгалтерия ар дайым эле мектептердин өзгөчөлүгүн түшүнө берчү эмес. Буга байланыштуу бир топ катачылыктар кетип, кайрадан эсептешүү болуп турчу",- деди К.Садыков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: